Назарбаевдин небереси Улуу Британиядан баш калка сурады

Назарбаевдин небереси Улуу Британиядан баш калка сурады
14-Фев. 2020, Жума, 06:52

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан баш калка сурады. Бул тууралуу ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Айсултан бул кадамын үй-бүлөсү тарабынан басым болуп жаткандыгы менен түшүндүргөн. Ал билдирүүсүндө Россия жана Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы коррупция тууралуу маалыматка ээ экенин жазган.

29 жаштагы Айсултан - Назарбаевдин тун кызы, парламент төрайымы Дарига Назарбаеванын уулу. Ал былтыр октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгон.

Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип жана баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген. Окуядан кийин ал баңгиликтен дарылаган «Priory» аттуу ооруканага жаткырылган.

Айсултан Назарбаевдин кийинки убактагы билдирүүлөрү боюнча Казакстандын биринчи президентинин үй-бүлөсү комментарий бере элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт