Аялдар эркектерге караганда үйдү көп алат

Аялдар эркектерге караганда үйдү көп алат
14-Фев. 2020, Жума, 08:02

АКШда бойдок кыз-келиндер үйлөрдү эркектерге караганда көп сатып алып жатат жана бул көрүнүш 2020-жылы уланат.

Американын LendingTree уюмунун акыркы изилдөөлөрүндө аялдар мурдагы муундагыларга караганда карьерага өтө басым жасаганы байкалган. Ошону менен бирге каражаттарын эркектерге салыштырмалуу үнөмдүү пайдаланары, үйдүн ээси болуу үчүн аялдар турмушка чыгып, жубайларды күтпөй калганы белгилүү болгон.

Мындай абал үй сатып алууну каалагандардын тобунан белгилүү болгон. “National Association of Realtors” уюмунун билдиргенине караганда бойдок кыз келиндер 2019-жылы алуучулардын 20 пайызын түзгөн. Акыркы 10 жылга байкоо салганда аялдар көздөгөн карьерасына жетүүдө чечкиндүүлүктү, ийгиликти жана кеч турмушка чыгып, кеч балалуу болгону көрүнүп турат.

“LendingTree” уюмунун жаңы билдирүүсүндө бойдок кыз-келиндер Американын эң ири 50 шаарынан бойдок эркектерге караганда 1,5 миллиондон ашык үй алганын көрсөтүлгөн.

Ажырашуунун ролу канчалык?

Өлкөдө аялдар аз тапса да эркектерге караганда үйлөрдү көп алып жатканына ажырашуулар себеп экени жазылган. Анткени бул процессте сот жубайлардын үйүн көбүнчө аялдарга берет.

Ошол эле мезгилде дагы бир маанилүү фактор жумуш орундарында аялдардын саны көбөйүп жатканы.

“LendingTree” уюмунун экономисти Тендай Капфидзе "Учурда аялдар иш орундарынын 58 пайызын түзөт”,-деди.

Дүйнөлүк деңгээлдеги “American Express” туризм ишканасы бул билдирүүгө кошулуп, 2014-2019-жылдар аралыгында бул көрүнүш 21 пайызга көбөйгөнүн билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт