АКШ Сенаты Трамптын Иран боюнча ыйгарым укуктарын чектеген резолюцияны жактырды

АКШ Сенаты Трамптын Иран боюнча ыйгарым укуктарын чектеген резолюцияны жактырды
14-Фев. 2020, Жума, 08:55

Бейшемби күнү АКШнын Сенаты президент Дональд Трамптын Конгресстин макулдугусуз Иранга каршы аскердик чара көрүү укугун чектей турган резолюцияны жактырды.

Документти Сенаттагы 47 демократтан тышкары 8 республикачы колдоп, резолюция 55 добуш менен кабыл алынды.

Буга чейин Дональд Трамп республикачыларды бул документти колдобоого чакырган.

“Биздин коопсуздугубуз үчүн Иран боюнча аскердик ыйгарым укуктарым тууралуу резолюцияны колдобогонуңар өтө маанилүү. Азыр Иранга карата алсыздыгыбызды көрсөтүүчү мезгил эмес”,-деп жазган Трамп “Твиттердеги” баракчасына.

Президент бул резолюцияга вето коет деп күтүлүүдө

Өкүлдөр палатасы резолюцияны январда, ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин Вашингтон менен Тегеран тирешип жаткан учурда кабыл алган. Демократтар АКШ менен Ирандын ортосунда ири масштабдагы согуштун тутануусун каалабай тургандыктарын билдиришүүдө. Республикачылардын көбү Сулейманиге каршы операция менен катар президенттин Иранга каршы күч колдонуу укугун да колдоп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Абылгазиев: Бишкектеги экологиялык кырдаал заманбап тренддерди киргизүүнү талап кылат
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
Ошто шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өттү
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
«Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» II форумуна даярдык көрүлүүдө
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
Коронавирустан сактануунун 10 жолу
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
​Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Химиялык заттарды колдонууну азайтуу чаралары көрүлөт
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
Карындагы майды кетирүүчү алты көнүгүү
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
26-февраль: абанын температурасы +20 градус болот
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Абылгазиев Бишкектеги Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
Бишкекте “Баластан кубогу” таймашынын финалы өтөт
УКМК:
УКМК: "Террористтик акт болот" деп коркуткан Чүйдүн 18 жаштагы тургуну кармалды
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Мрамор, пластика же дарактан жасалган аш тактасы пайдалуубу?
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Улуттук банк эсептик ченди 0,75 пайыздык пунктка жогорулатты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Ырчы Неля “Тасмал” деп аталган рецептердин баракчасын ачты
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Шахрезада Аскарова “Көктөм ырына” чакырат
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт
Нурлан Насип Россияда концерттик тур менен жүрөт