Таунтон шаарынын тургуну Сомерсет Дженнифер Селвуд небересин колдоо максатында регби матчын көрүүгө барган. Оюн учурунда топ Селвуд айымдын башына тийип, катуу соккудан аял көз жумган. Бул туурасында «The Mirror» басылмасы жазып чакты.

69 жаштагы Селвуд айым небереси катышкан оюнга көз салып трибунада отурган. Бир маалда оюнчулардын бири топту ыргытканда улгайган аялдын так башына келип тийген. Топтун катуу соккусунан аял кулап түшкөн. Матч көрүп жаткан күйөрмандар дароо тез жардам чакыртышкан.

Доктурлар аялга мээси чайкалып калган деген диагноз коюп бейтапканага жаткырышкан. Тилекке каршы ал 2 жума өткөн соң бул дүйнө менен кош айтышты. Доктурлардын айтымында ал баш мээсинен оор жаракат алган. Анын артында абышкасы, эки баласы жана төрт небереси калды.