Учак 122 жүргүнчүсү менен деңизге кулады

8-Июнь 2017, Бейшемби

Мьянмада жоголуп кеткен аскердик учак деңизге кулаган. Куткаруучулар деңизден учактын калдыктары менен бир нече жүргүнчүлөрдүн денесин табышкан. Бул тууралуу “РИА Новости" сайты кабарлады.

Эскерте кетсек, Мьянманын түштүк жээктеринен Японияга учкан учак Давей шаарынан батышты көздөй 20 миль аралыкта радардан жоголуп кеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык учактын бортунда 122 адам болгон, анын ичинде 15и жаш балдар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!