Йеменде холерадан 727 адам каза тапты

8-Июнь 2017, Бейшемби

"Йеменде 27-апрелден тартып бүгүнкү күнгө чейин холерадан каза болгондордун саны 727 адамга жетти. Учурда бул оору менен ооругандардын саны 91 миңден ашуун",- деп маалымдады Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму.

Буга чейин, 4-июнда 681 адамдын көз жумгандыгы тууралуу кабарланган эле.

Өлүмдүн деңгээли ушунчалык даражага жеткендиктен ар бир саат сайын холерадан бир адам көз жумат.

Йеменде холера эпидемиясынын экинчи башталышында тактап айтканда, 27-апрелден тартып 5-июнга чейин ооруга чалдыккандардын саны 91,4 миң адам болсо алардын жарымы аялдар. 16 миңден ашыгы - 5 жашка чейинки жаш балдар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!