Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчысы жана башка жогорку кызматтагылардын чет өлкөдө байлыгы жана банк эсептери болуусуна тыюу салуу үчүн өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүү керектигин айтты.

Конституция боюнча комиссиянын жыйынында “Жогорку кызматтагылар ишке орношоордон мурда тандоо кылышы керек. Чет өлкөдө байлыктары, банк эсептерин тандасын же орус элине кызмат кылуу жана башка эч бир мындай иштер менен байланышпоо”,-деди. Ошондой эле ал бул нерселер өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштегенде тоскоолдуктарды жаратарын, президент баш болуп бардыгы бул жагдайды эске алышы керектигин баса белгиледи.

Мындай өзгөрүүлөр өкмөт мүчөлөрүнө, федералдык мамлекеттик органдардын жетекчилерине, федерациялык аймактардын башчыларына, сенатор, депутаттар, сот, прокурорлорго тиешелүү.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун күнү белгилүү болду

Россиянын Конституциясын өзгөртүү боюнча комиссиянын тең төрагасы Павел Крашенинников референдумду 22-апрелде өткөрүү сунушун президент кабыл алганын айтты.

Өткөн жылы 19-декабрда президент Владимир Путин Россиянын Конституциясын өзгөртүүнү сунуштаган жана бул боюнча комиссия түзүлүп, ишке киришкен.