Сауд Арабия 20 миллион долларлык накталай байге коюп, дүйнөдөгү эң кымбат ат чабыш өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Король Абдулазиз ипподромунда өтө турган Саудия кубогуна 10 миңдей көрүүчү келери белгилүү болду.

“Euronews” сайтындагы кабарга ылайык жарышта биринчи келгенге 10 миллион доллар берилсе, калган акча кийинки келген 10 катышуучуга таратылат.

"Иш-чара дүйнөлүк деңгээлде болот"

Көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизип жаткан өкмөт эми ат чабыш сыяктуу спорттук иш-чаралар жагынан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирүүнү көздөөдө.

"Иш-чара дүйнөлүк деңгээлде өтөт”,-деген Сауд Арабиянын Жокей клубу, стратегия жана эл аралык жарыш боюнча директору Том Раян бул боюнча билдирүүсүндө. Ошондой эле ал "Жергиликтүү оюндарды эл аралык деңгээлге жеткирүү боюнча алгачкы кадамдарды жасап жатабыз”,-деди.

Иш-чара 29-февралга белгиленди.