12 адам жол кырсыгынан каза болду

12-Июнь 2017, Дүйшөмбү

“Иркутск-Чита унаа жолунда авариядан курман болгондордун саны 12 адамга жетти”,-деп кабарлайт РИА Новости сайты.

Маалыматка ылайык, буга чейин 11 адамдын каза болгондугу тууралуу маалымдалган, алардын тогузу аял жана экөө эркек киши. Бирок Бурятияга барган жолдо бир аял көз жумган. Жол кырсыгынан 34 адам оор абалда ооруканага жеткирилген.

“KIA Granbird” автобусы кечээ түндө Петровск-Забайкалье аймагынан, «Байкал» таш жолунун 702-чакырымында кырсыкка учураган. Алдын ала маалыматтарга таянсак, айдоочу рулга ээ боло албай калган. 10 адам окуя болгон жерден жан берсе, дагы бир адам тез жардам унаасынан көз жумган.

Полиция жол кыйымылы жана унааны пайдалануу эрежесин бузуу фактысы боюнча иш козгоду.

Автобус Урлук айылындагы чокунуу жөрөлгөсүнөн кийин Читага бет алган жолоочуларды ташыган. Унаада 51 адам болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!