Кырсыктан каза болгондордун саны 14кө жетти

13-Июнь 2017, Шейшемби

Россиянын Забайкалье аймагында болгон жол кырсыгынан автобустун айдоочусу ооруканадан көз жумду. Бул тууралуу “РИА Новости” сайты кабарлады.

“13-июнда саат 09.15 чамасында Петровск-Забайкалье борбордук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жаткан он төртүнчү жабырлануучу, автобустун айдоочусу көз жумду”,-деп агентике кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ооруканада дагы бир аял оор абалда жатат. Ал дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Эскерте кетсек, ири жол кырсыгы өткөн жекшемби күнү «Байкал» жолунун 702-чакырымында болгон. Автобус Урлук айылындагы чокунуу жөрөлгөсүнөн кийин Читага кайтып келе жаткан. Унаанын ичинде 51 жүргүнчү болгон

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!