Мотоцикл айдоочусу жок жүрүп кеткен

13-Июнь 2017, Шейшемби

Жол кырсыгынан кийин мотоцикл айдоочусусуз бир нече километр токтобой жүрүп кеткен.

Франциялык мотоцикл айдоочусу жолдо бара жатып унаа менен сүзүшүп жол кырсыгына учураган. Андан улам айдоочу мотоциклдан түшүп калган. Ал эми мотоцикл жолдогу тоскоолдуктарга карабай жүрүп кете берген. Ошентип жол кырсыгы болгон жерден бир нече километр узап кеткен.

“Le Parisien” басылмасынын маалыматы боюнча, мотоцикл айдоочусунун колу-бутунан жаракат алган. Жабырлануучуну ооруканага экинчи унаада отурган адам жеткирген.

Булак: “life.ru”

www.youtube.com/watch?v=wfKEY0_GiT4

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!