“Forbes” эң бай жазуучуларды атады

13-Июнь 2017, Шейшемби

"Forbes" журналы чыгармалары менен көптөгөн окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жазуучулардын кирешелерин эсептеп чыкты. 2016-жылы 90 миллион доллардан ашык киреше тапкан жазуучулардын тизмесин жарыялаган.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү жогорку акы төлөнүүчү жазуучулардын ичинен тизмедеги 17 кишинин алтоо аялдар болгон.

Паула Хокинс "Поездеги кыз" китебинин популярдуулугу менен миллиондогон нускасын саткан, бай жазуучулардын тизмегине кирген. Ал 10 миллион доллар кирешеси менен тизмектин бешинчи ордуна илинген.

“Гарри Поттер” чыгармасынын автору Джоан Роулинг былтыркы жылы 19 миллион доллар киреше тапкан. Ал рейтингде үчүнчү орунду ээлеген.

Аялдар тизмегинин экинчи жана үчүнчү орунунда романисткалар Нора Робертс жана Даниэла Стил 15 миллион доллар киреше табышкан.

Эрика Леонард Джеймстин "50 оттенков серого" чыгармасы дүйнөгө кино тасмасы чыккандан соң төртүнчү орунду ээлеп 14 миллионам доллар тапкан.

Мурда “Forbes” эң көп каражат тапкан белгилүү инсандардын тизмегин жарыялаган. Аны рэп-ырчы жана музыка продюсери Пафф Дэдди ( Пи Дидди) сап баштан орун алган. Анын 1-июнга чейин тапкан кирешеси 130 миллион долларды түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!