Лондондо көп кабатуу үй өрттөндү

14-Июнь 2017, Шаршемби

Жалындаган өрт Лондондо “Grenfell Tower» көп кабаттуу турак үйүн каптады. Бул тууралуу шаардык полиция кызматкерлери билдиришкен.

"Полиция кызматкерлери, Лондондун өрт өчүрүү жана тез жардам дарыгерлери азыркы учурда кырсык болгон жерде. Куткаруу иштери жүргүзүлүүдө”,- делет Скотланд-Ярддын билдирүүсүндө.

Полициянын маалыматы боюнча, азыркы учурда түтүндөн ууланган эки адам бар жана алар окуя катталган жерде медициналык жардам алышууда.

Лондондун өрт өчүрүү бөлүмүнүн “Twitter”деги маалыматы боюнча, окуя болгон жерде 40 өрт өчүрүүчү машиналары жана 200 кызматкерлер тартылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!