“NASA": Планетада жаандын көп жаашы күтүлөт

15-Июнь 2017, Бейшемби

"“NASA”нын окумуштуулары "Жерди көптөгөн жаан-чачындар күтөт",- деп билдиришти. Алардын оюу боюнча бул тропик алкактарындагы климаттын өзгөрүшүүнө байланыштуу “,-деп билдирет “УНИАН”.

“NASA” белгилегендей тропик алкактарында климат өзгөрө баштады, бул бүтүндөй Жер жүзүндөгү аба ырайынын өзгөрүшүүнө алып келет.

Нымдуулук акырындык менен тропикалык аймактарда кыскарып, буулануу тездикте жүрө баштады. Ошондуктан ал аймактарда температуранын тез өзгөрүшү байкалууда. Жылуу жана нымдуу аба ырайынын ордуна суук жана кургактык өкүм сүрүүдө.

“NASA” окумуштуулары тропиктеги буулануунун жалпы өсүшү Жерге байкалбай калбайт. Ошого байланыштуу алар келечекте узакка созулган жаан-чачындар бүтүндөй планетада болуп турчу кубулуштардын бири болот деп эсептешүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!