АКШ Россияга жаңы санкцияларды киргизет

15-Июнь 2017, Бейшемби

АКШ сенаты Россияга Украинадагы саясаты үчүн буга чейин салынган санкцияларды күчөтүүнү жана өткөн жылы Американын шайлоо кампаниясына кийлигишкендиги үчүн жаңы санкцияларды киргизүүнү колдоду.

Россияга каршы чараларды 97 конгрессмен колдоп, экөө каршы добуш берди. Добуш берүү учурунда Москва Россияга каршы жаңы чаралар кабыл алынса, ага жооп берилет деп эскертти. АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон конгрессти сабырдуу болууга чакырды.

Эми сенат санкция тууралуу колдонуштагы актыларга киргизилген баардык түзөтүүлөргө каршы добуш берүү тийиш. Добуш берүү 15-июнда өтүүсү мүмкүн. Палатанын спикери Пол Райан буга чейин өзгөрүү киргизүүнү колдоорун айткан. Өзгөрүштөр менен түзөтүүлөр аркылуу Москвага каршы санкцияларга укуктук статус берилет. Бул жүзөгө ашса, президенттин санкцияларды бир жактуу түрдө, өз бети менен жоюу аракеттерин кыйындатат.

Жаңы чектөөлөр Россиянын бир катар энергетикалык долбоорлоруна жана экономикасынын маанилүү тармактарын насыялоого киргизилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!