Энеси баласын тогузунчу кабаттан ыргыткан

15-Июнь 2017, Бейшемби

“Лондондо болгон өрттө көп кабаттуу үйдөн баланы ыргытышып, аны жерден бир адам кармап калган”,-деп “gazeta.ru” сайты билдирди.

Тогузунчу кабаттагы аял төмөндө турган элдерге баласын куткарыш үчүн ыргытам деп көрсөткөн. Ал эми жерде турган мырза ошол замат аны түшүнүп баланы кармап калган.

Күбөлөрдүн айтымында, бала керемет жол менен аман-эсен калган.

"Бала жерге түз учуп келе жатканда жигит алдыны көздөй чуркап барган жана ал анын колуна келип түшкөн”, – деп билдиришти күбөлөр.

Эскерте кетсек, 14-июн түнү Кенгсинтон районунда болгон өрттөн Лондондогу 27 кабаттуу турак жай өрттөнгөн. Куткаруучулар азыркы маалга чейин эвакуация иштерин жүргүзүүдө.

60тан ашык адам ооруканага жаткырылды жана 12 адам көз жумгандыгы тууралуу полиция кабар берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!