Рамазан айында өзгөчө мечит ачылды

15-Июнь 2017, Бейшемби

Касиеттүү Рамазан айында Германиянын Кельн шаарында озгөчө мечит ачылды. Ал улуттар аралык тынчтыктын жана достуктун белгиси болмокчу.

Мечиттин жалпы аймагы 4500 чарчы метр, ага 2 миңден 4 миңге чейин адам батат. Анын дагы бир өзгөчөлүгү-намазхана, китепкана,музей жана тойкана болмокчу. Имарат осман империясынын үлгүсүндө жасалганы көрүнүп турат. Бийиктиги 55 метр болгон эки мунарасы бар.

Мечеттин архитектору атайы чиркөөлөрдүн курулушу менен алектенген адис Пауль Бём. Мечиттин курулушуна 40 миллион доллар бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, эми бул мечит Германияда гана эмес, Европанын дагы эң чоң мечити болуп калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!