Роналду "Реал Мадридден" кетет

16-Июнь 2017, Жума

Ошентип, 32 жаштагы чабуулчуга испан прокуратурасы “салык төлөөдөн баш тартты” деген негизде кылмыш ишин козгогондугу үчүн футболчу ушундай жол менен жооп берди.

Мадрид "Реалынын" форварды болгон Криштиану Роналду клуб таштап кетип жатат”,-деп «Life.ru» маалыматтык сайты кабарлады. Футбол жылдызы артка кайтарылбаган чечим кабыл алды деп билдирди.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы чабуулчу өлкөгө үч жылдан бери 14,7 миллион евро салык төлөөдөн баш тартып келгендиги үчүн кылмыш иши козголгон.

Ал эми "Реал Мадрид" курама командасынын мүчөлөрү оюнчунун бул чечимине кошулушаарын жана “толук түрдө анын күнөөлү эместигине” ишенишээрин маалымдашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!