Президент аарыны жутуп алган

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

“Коста-Риканын президенти Луис Гильермо Солис журналисттер менен маектешип жатканда аарыны жеп койду”,- деп кабарлайт “Лента.ру” сайты.

Окуя өлкөнүнү түштүгүндөгү асфальт заводунун ачылышында болгон. Кабарчылардын суроосуна жооп берип жатканда президенттин оозуна аары кирип кетет. Бирок, президент аны жутуп койду.

«Мен аарыны жеп койдум. Мындай күн сайын боло бербейт,”- деп Коста-Риканын башчысы абалдан чыгып кеткен.

Жардамчылары суу сунуштагандан кийин аны ууртап завод тууралуу аңгемесин уланта берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!