Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүү өтөт

20-Июнь 2017, Шейшемби

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиргенине караганда Сирия боюнча Астана процессинин алкагындагы эл аралык жолугушуу 4-5-июлга белгиленди.

“Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия, Түркия, Иран мамлекеттеринин тиешелүү мекемелеринин макулдугу менен Сирия боюнча Астана процессинин алкагындагы кезектеги эл аралык жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 4-5-июлуна белгиленди”,-деп жазылган билдирүүдө.

Анда катышуучулар Сириядагы абалды, макулдашуулардын аткарылышын, буга чейинки жыйындардын жыйынтыгы талкууланары жазылган.

“Аскердик аракеттерди токтотууну каалаган кепилдик берүүчү (Россия, Түркия жана Иран) мамлекеттер Сирияда деэскалация аймагын түзүү меморандумунун алкагында инфраструктураларды калыбына келтирүүгө гуманитардык жардамдарды жеткирүү маселелерин талкуулайт”,-деген министрлик өз билдирүүсүндө.

Сирия боюнча өткөнкү жолугушуу Астанада 3-4-майда өткөн. Анын жыйынтыгында кепилдик берүүчү өлкөлөр (Россия, Түркия жана Иран) Сириянын бүтүндүгүн, ынтымагын сактоо, зомбулуктарды токтотуу жана жаңжалды жөнгө салууга багытталган деэскалация аймагын түзүү меморандумуна кол койгон. Иш-чарага Сирия өкмөтүнөн, Сириялык куралдуу оппозициядан делегациялар, Иордания, АКШ жана БУУдан өкүлдөр катышкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!