Өзбекстан: ажылыкка талапкерлер катталат

20-Июнь 2017, Шейшемби

Аталган өлкөнүн өкмөттүнүн токтомуна ылайык 2017-жылы ажылык сапар онлайн каттоонун негизинде жүргүзүлөт.

“Өлкөнүн министрлер кабинетине караштуу дин иштери комитети, Маалымат технология жана коммуникация министрлиги Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгынын расмий сайтына эки айлык мөөнөткө ажылыкка жана умрага зыяратчыларды онлайн каттоо системасын киргизет”,-деп жазылган токтомдо.

Мындай чечим ажылыкка талапкерлердин тизмесин түзүүдө адилетүүлүк, ачык айкындуулук принцибинин негизинде кабыл алынган. Ошондой эле ажылык сапарды уюштурууда эрежелердин так сактоо максатын көздөйт.

Ошондой эле өкмөт ажылыкка талапкерлерге медициналык текшерүүлөрдөн бекер өтүүнү токтом кылган. Андан тышкары “Өзбек авиалиниясы” улуттук авиакомпаниясына билет баасын арзандатуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырган.

Сауд Аравия Өзбекстанга ажылык үчүн жалпы квотаны өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп берген же 13,2 миң адамга уруксат берген. Алардын ичинен чоң ажылыкка бара тургандардын саны 7,2 миңге жетсе, кичи ажылык же умрага 6 миң зыяратчыга квота берилген.

Өзбекстан бийлиги 2018-жылга карата умрага квотаны 6 миңден 10 миңге жеткирүү сунушу менен Сауд Аравияга кайрылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!