Аэропортко Назарбаевдин ысымы ыйгарылды

21-Июнь 2017, Шаршемби

Казакстандын борборундагы аэропорт “Эл аралык Нурсултан Назарбаев аэропорту” деген аталышка ээ болду. Бул тууралуу өкмөттүн жарлыгы “Казахстанская правда” гезитине жарыяланды.

Астана аэропортуна президенттин атын ыйгарууну 2008-жылы сенатор Дархан Калетаев сунуштаган. “Мындай демилге коомчулукта кеңири талкууга алынганы менен менин көз карашым маанилүү колдоого ээ болгон”,-деди ал.

Нурсултан Назарбаев аты Казакстанда эле эмес, башка өлкөлөрдүн көчөлөрүнө жана обьектилерине берилген.


Голландияда жана Японияда Казакстандын биринчи президентинин атында жоогазындардын жана хризантемалардын жаңы түрлөрү бар. Түркияда төрт шаардын проспектилерин Назарбаев деп аташкан.

Астанада Назарбаев Интеллектуалдык мектеби жана Назарбаев Университети болсо, 1-декабрда президенттин сүрөтү түшүрүлгөн купюра чыккан.

Назарбаевдин аты ыйгарылган алгачкы жайлардын бири Нурсултан пиги болуп саналат. Ал Тянь-Шань тоо кыркасындагы Иле Алатауда жайгашкан.

Буга чейин парламентте борборду “Нурсултан” же “Назарбаев” деп атоо сунушталган. Бирок президент элге жана депутаттарга ыраазычылыгын айтып, бул демилгени колдоого алган эмес.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!