2,5 миң качкын жумуш менен камсыз болот

21-Июнь 2017, Шаршемби

“Starbucks” компаниясы Европадагы 2,5 миң качкынды жумуш менен камсыз кылууну пландоодо.

Аталган ишкана Германия, Улуу Британия, Австрия, Испания, Франция, Нидерланд, Португалия жана Швейцариядагы качкындарды ишке орноштурат.

Буга чейин аталган компаниянын башкы директору Говард Шульц 75 мамлекеттен 10 миң качкынды ишке орнотуруу пландалып жатканын жарыялаган.

Европа Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы куралдуу жаңжалдардан, экономикалык көйгөйлөрдөн улам Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң олуттуу миграция кризисин башынан өткөрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!