АКШда ысыктан улам авиакаттамдар токтоду

21-Июнь 2017, Шаршемби

АКШнын батышындагы Аризона штатындагы Финикс аэропорту ысык аба ырайынан улам 60 каттамды токтотту.

“American Airlines” авиакомпаниясы чечимин аба кемелеринин техникалык өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрдү. “Учактарга 52,8 градуска чейинки ысыкта учууга уруксат берилбейт”,-деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Бул мезгилдерде Финикс шаарында термометрлер 48 градусту көрсөтүүдө. Мындай аба ырайында учактар абага көтөрүлөөр алдында көптөгөн аралыкты басып өтүшү керек. Адистер аталган шаардын аба майданынын учуу-конуу тилкесинин узундугу көпчүлүк аба кемелерине ылайыкталганы менен айрым учактар үчүн жетишсиз экенин белгилешкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!