Брюсселде метролор кайтарууга алынды

21-Июнь 2017, Шаршемби

Бельгия бийлиги терактан улам Брюсселдин вокзалдарында жана метролорунда коопсуздукту катуу көзөмөлгө алганын өкмөткө караштуу Кризистик борбор кабарлады.

“Коопсуздук күчтөрү вокзал жана метролорду күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алды”,-деп жазган кризистик борбор “Твиттердеги” баракчасында.

Шейшембиде аскерлер Брюсселдин борбордук вокзалынан анча чоң эмес жардырууну ишке ашырып жаткан адамды кармашкан. Жабыркагандар болгон эмес. Федералдык прокуратура окуяны теракт деп сыпаттаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!