Путин тыңчы болууну кыялданганын айтты

22-Июнь 2017, Бейшемби

Россиянын президенти Владимир Путин класс жетекчилер менен жолугушууда балалыгында тыңчы болууну кыялданганын, бул оюу менен түз эле СССРдин КГБсынын кабылдамасына барганын белгиледи.

“Жөнөкөй үй-бүлөдөн болгон үчүн байланыш деле жок эле. Кимге барарымды деле билбейт элем. Ал жактан алгач жогорку окуу жайын аяктоону, юридикалык билим алууну кеңеш кылышты”,-деди Путин.

Президент ошондон кийин физика, химия, математика менен алектенгенин токтотуп, юридикалык факультетке тапшырганын, бул адистикти тандоодон мурда учкуч болууну самагандыгын айты. “Мен учкучтардын училищасынын коридорунда бара жатып өзүмчө ойлонуп, учкуч болуу кызык эмес экендигин түшүндүм”,-деди Путин.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!