БУУ: Калктын саны 11,2 миллиардга жетет

22-Июнь 2017, Бейшемби

2030-жылы дүйнөдө калктын саны 8,6 миллиардга, 2050-жылы 9,8 миллиардга, 2100-жылы 11,2 миллиардга жетери белгилүү болду. Мындай маалыматтар Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин билдирүүсүндө жазылган.

Документте бүгүнкү күндө Жер жүзүндө 7,6 миллиард калк жашап жатканы белгиленген. Төрөлүүлөр аз болгонуна карабастан планетанын эли жылына орто эсеп менен 83 миллионго көбөйүп турары жазылган. Ошондой эле 80 жылдан кийин дүйнөдө 80 жаштан өйдөкү курактагылардын саны жети эсе көбөйөрү маалымдалган.

Баяндамада калкы эң көп мамлекеттер Кытай (1,4 миллиард) жана Индия (1,3 миллиард) өз ордуларында калары жазылган. 2024-жылы бул жагынан Индия Кытайдан ашары болжолдонууда. Эксперттер Нигерияда элдин саны тездик менен өсүп жатканын, 2050-жылы учурдагы жетинчи ордунан жогору көтөрүлөрү белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!