Трамп дубал салууну айтып чыкты

22-Июнь 2017, Бейшемби

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арага курулган дубалды күн батареясы менен жабдууну сунуштады. Мындай пикирин Айова штатында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

“Түштүктөгү чек ара боюнча бир нече уникалдуу демилгелер бар. Ал жакта күн жылуу болгондуктан күнөстүү энергия берип туруучу дубал курууну ойлонуп жатабыз. Бул Мексика үчүн да пайдалуу”,-деп белгиледи Трамп.

Мексика менен чектешкен аймакка дубал куруу шайлоо өнөктүгүндө Трамптын башкы убадаларынын бири болгон. Анын планы боюнча курулуш Американын бюджетинен каржыланат. Бирок акырындык менен Мехико бардык чыгымдарды төлөшү керек. Учурда чек араны куруу боюнча эки жүздөн ашык компания долбоорлорун сунуштады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!