“5 жыл жашап туруу укугу” сунушталды

23-Июнь 2017, Жума

Брюсселде ЕБге мүчө 28 мамлекеттин өлкө жана өкмөт башчыларынын жыйынында Англиянын премьер-министри Тереза Мэй Европа биримдигинин (ЕБ) жарандарынын Британияда жашоо, билим алуу сыяктуу социалдык укутарды пайлануусуна байланышкан долбоорун сунуштады.

Ага ылайык Англияда беш жыл мыйзамдуу түрдө жашап жаткан ЕБге мүчө 27 өлкөнүн жарандарына беш жыл жашап туруу укугу берилет. Бул статусту алган жарандар каттоого туруу, иштөө, саламаттык, билим берүү жана башка социалдык укуктардан пайдалана алышат.

Ушундай эле мүмкүнчүлүктөр ЕБ өлкөлөрүндө жашаган англиялык жарандарга түзүлсө долбоор кабыл алынары белгилүү болду. Бул сунушта айтылган 5 жылдык мөөнөт кайсы убакыттан башталары сүйлөшүлөт.

Брекзит чечиминен кийин Англияда жашаган 3,2 миллион ЕБ жарандары жана ЕБде жашаган 1 миллиондой англиялыктардын укуктары боюнча белгисиздиктер орун алды. ЕБ Англиядагы биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарына байланышкан маселелерди чечүүнү, алардын коопсузугуна көңүл бурууну талап кылган.

Брекзит сүйлөшүүлөрү Англияда өткөн референдумдан бир жыл өткөндө Брюсселде бул аптадада башталды. Анда тараптар алгач регламентти белгилешти. Ага ылайык ар бир айга Брекзит боюнча жыйындар белгиленди.

БРЕКЗИТ

Англия өткөн жылы июнь айында референдумдун негизинде ЕБден бөлүнүүнү чечкен. 29-мартта Лизбон макулдашуусунун 50-беренесинин негизинде бөлүнүү процессин расмий түрдө баштаса, ЕБ 29-апрелде саммит өткөрүп, сүйлөшүү процессин талкуулаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!