Экс-президент “кайырчыга” айланды

23-Июнь 2017, Жума

Финляндияны 12 жыл башкарган экс-президент Тарья Халонен “Куткаруу армиясы” кайрымдулук кампаниясында үй жайсыз калган адамдын ролун аткарганы белгилүү болду.

Өнөктүктүн алкагында өткөн айда экс-президент жашаган Хельсинки Каллио районунда фотосессия өткөн. Май айында тартылган сүрөттөрдө эски кир кийимчен Халонен тепкичте отурат.

“Мен мындан ашык күткөн эмесмин. Ал кырдаалды толук чагылдырып берди. Биз керектүү кадрларды 20 мүнөттө тарттык. Ал чыныгы профессионал сыяктуу”, - деди экс-президентти тарткан сүрөтчү.

Фотосессия үчүн реквизиттер жана кийимдер “Куткаруу армиясы” тарабынан берилген. Финляндиядагы аз камсыз болгондорго акча чогултуу максатында уюштурулган өнөктүк “Адамдарга жардам бер” кайрымдуулук акциясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Эскерте кетсек, Тарья Халонен Финляндияны 2000-2012-жылдар аралыгында башкарган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!