Пекинде согушка каршы көргөзмө: "Океан гүлдөрү"

23-Июнь 2017, Жума

Кытай сүрөтчүсү Ли Хунбонун кезектеги чыгармачылык түстүү көргөзмөсү пекиндиктердин көңүлүн өзүнө бурду.

“Океан гүлдөрү” аталыштагы көргөзмөдө беш миң кагаз барактарын колдонуп, тапанча, пулеметтор жана башка согуш куралдарынын эстеликтери көрсөтүлгөн. Жашоодо адамдарды өлтүргөн бул куралдар аккордеон аспаптары сыяктуу ачылып гүлгө айланат.

Сүрөтчү Ли Хонбо: “Мен бул сүрөттөр аркылуу элдерге жер шаары согуш аянтына айланып жаткандыгын көрсөткүм келди. Эч кандай талаш-тартыш жок, дүйнөдө тынчтык орнотууга боло турганын көрсөттүм”,- дейт ал.

Көргөзмөдө бири-бирине окшобогон эки миң кагаздан жасалган эстелик табууга болот. Бул сүрөтчүнүн согуш, жек көрүү жана анын ал жөнүндө каалоолорун чагылдырат.

Ван Дуантинг көргөзмөнүн коногу: "Адамдарды өлтүргөн куралдар, бир гүлгө же оюнчукка айланып жатат. Муну көргөндөн кийин согуш жана тынчтык, өлүм жана өмүр тууралуу ойлонот экенсиң",-деди.

Биринчилерден болуп 2012-жылы Сиднейде ачылган “Океан гүлдөрү” аттуу көргөзмө 20-июлга чейин Пекинде өтөт.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!