Нөл еврого эмне сатып алса болот?

27-Июнь 2017, Шейшемби

Германия нөл евро номиналы менен банкнот чыгарды. Бул тууралуу “Neue Osnabrucker Zeitung” маалымат булагы жазып чыкты.

Банкнотту чыгарууга Европанын борбордук банкы уруксат берген.

Германиянын Киль шаарында сувенир ирээтинде беш миң 0 евро чыгарылды, аны 2,5 еврого сатып алса болот.

Жаңы акчада 1958-жылы чыккан «Горх Фок II» немис флоттунун парусу түшүрүлгөн. Бул акчага эч нерсе сатып ала албаса да, туристтер менен коллекционерлер арасында катуу суроо-талапка ээ болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!