План 700 миң долларга сатылды

27-Июнь 2017, Шейшемби

Уолт Дисней жана сүрөтчү Херб Райман тарабынан колго тартылган “Диснейленд” паркынын картасы АКШда аукциондо 708 миң долларга сатылды. Көңүл ачуучу жайдын план картасы 1953-жылы сентябрда кагазга түшүрүлгөн. Картага дүйнөгө белгилүү парктын кызыктуу жерлери тартылган.

Бул тууралуу “Reuters” агенттигине “Van Eaton” галереясынан кабарлашкан.

Ал мезгилде курула элек парктын сүрөтү 1953-жылы инвесторлого көрсөтүү үчүн даярдалган.

Белгилүү мультипликатор өзнүнү кыялындагы долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылык жардам алууну каалаган. 1955-жылы ойлору ишке ашып, Калифорниянын түшүтүгүндөгү Анахайм шаарында “Диснейленд” өзнүнү алгачкы көрүүчүлөрүнө эшик ачкан.

Уолт Диснейди эскерүүгө арналган аукционго мультипликатор жана көңүл ачуучу паркка тиешелүү 1 миңге жакын буюмдар коюлган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!