“Google” 2.4 миллиард евро айып пулга кабылды

28-Июнь 2017, Шаршемби

Европа комиссиясы дүйнөдөгү эң ири “Google” издөө системасына соода сатык кызматтарына артыкчылык берип, укугунан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде 2,4 миллиард евро айып пул салды. Бир нече убакыт талкууланган чечим ири өлчөмдөгү айып пул катары тарыхта калды.

Комиссиянын баамында мындай иштер Европа биримдигинин эрежелерине дал келбейт. Башкача айткана “Google” мындай иштери менен атаандаштарынын өсүүсүнө, кардарлардын башка кызматтарды тандоосуна, жаңычылдыкка умтулуусуна тоскоолдук кылган.

“Google” системасынан билдирүү: Таза иштейбиз

“Google” системасы чечим тууралуу билдирүү жасады. Анда “Ар бирөөнүн онлайн түрүндө соода-сатык кылып жатканда издеген нерсесин оңой жана тез тапкысы келет. Жарнама берүүчүлөр да өз өндүрүмдөрүн тааныткысы келет. Ушул себептерден улам “Google” колдонуучулары жана миңдеген жарнама берүүчүлөр үчүн пайдалуу жолдорду тандаган. Чечимге макул эмеспиз. Таза иштейбиз. Комиссиянын чечимин талдап чыгабыз жана себептерин түшүндүрүүнү улантабыз”,-деп жазылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!