Учакты кечиктирген аял жаза алган жок

28-Июнь 2017, Шаршемби

Учактын кыймылдаткычына тыйындарды салган, учууну кечиктирген аял жаза албай тургандыгын “Риа Новости” агенттиги жазды.

Кытайдын ММКлары шейшемби, 27-июнда 150 жүргүнчүсү менен Шанхайдан Гуанчжоуга сапар ала турган “China Southern” авиакомпаниясына таандык учак кыймылдаткычына тыйындар салынганынан улам алты саатка жакын кармалганын жазган. Аны ишке ашырган улгайган аял тогуз тыйын жакшылыкка ырымдалганын билдирген.

80 жаштагы аял Шанхай эл аралык аэропортунун полиция кызматкерлерине ырым-жырымдарга терең ишенерин, кыймылдаткычка тыйын ыргытуу учак сапарынын ийгиликтүү аяктоосун камсыз кыларын айткан.

Учакка эч кандай зыян алып келбегендигин, мыйзамды олуттуу бузса да аялдын аракетинде жаман ойлор жок экенин эске алган аэропорттун коопсуздук кызматы ага жаза берген эмес.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!