Түркмөнстандын президенти 60 жашка чыкты

29-Июнь 2017, Бейшемби

Президент Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 29-июнда 60 жашка чыкты.

Туулган күн ээсин өлкө башчылары Владимир Путин (Россия), Си Цзиньпинь (КЭР), Александр Лукашенко (Беларусия), Ильхам Алиев (Азербайжан), Эмомали Рахмон (Тажикстан), Халиф ибн Зайда Аль-Нахайяна (БАЭ), Александр Вучич (Сербия), Игорь Додон (Молдова) расмий түрдө куттуктагандыгын “Алтын кылым” өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирген.


Гурбангулы Мяликгулыевич Бердымухамедов 1957-жылы 29-июнда Түркмөн ССРинин Ашхабад областынын Гөк-Тепе районунун Бабарап айылында туулган. 1979-жылы Түркмөн мамлекеттик медициналык институтунун Стоматология факультетин аяктаган. 1980-жылы айылдык амбулаторияда дарыгер-стоматолог кесиби менен эмгек жолун баштап, өзү билим алган окуу жайдын илимий кызматкери болууга жетишкен.


1997-жылдан 2006-жылга чейин Түркмөнстандын Саламаттык жана медицина өнөр жайы министри, 2001-жылдын апрель айынан баштап министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

2006-жылдын 21-декабрында өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чечими менен Түркмөнстандын президентини милдетин аткаруучу жана өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы болуп дайындалган.

2007-жылдын 11-февралында жалпы элдик шайлоодо 89,23 добуш менен өлкөнүн президенти болуп 5 жылдык мөөнөткө шайланган.


2012-жылдын 12-февралында экинчи, ал эми 2017-жылдын 12-февралында үчүнчү мөөнөткө өлкө башчысы болуп шайланган.

Медицина, экономика илимдеринин доктору, профессор, Түркмөнстан Илимдер академиясынын академиги жана армиянын генералы Гурбангулы Бердымухамедов бир уул эки кыздын атасы.

Борбор Азиянын эң улуу президенти Нурсултан Назарбаев 6-июлда 77 жашка чыгат. Эмомали Рахмон 5-октябрда 65, ал эми Алмазбек Атамбев 61ге чыгат. Эң жаш өлкө башчылары Гурбангулы Бердымухамедов жана Шавкат Мирзёев 60 жашта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!