АКШ 6 мамлекетке жаңы шарт койду

29-Июнь 2017, Бейшемби

АКШ бийлиги алты мамлекетке виза берүү боюнча же мусулман калкы жана качкындарга артыкчылык берген жаңы эрежелерди киргизди. Мындай демилгени өлкөнүн Жогорку соту Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгынын айрым бөлүгүн кайра кайтаргандан кийин президенттин администрациясы тарабынан көтөрүлгөн.

Жаңы эрежеге ылайык Судан, Сирия, Иран, Ливия, Сомали жана Йемен мамлекеттеринин жарандары АКШдан виза алуу үчүн кайрылса ата-энеси, жубайы, баласы, кызы же күйө баласы АКШда жашап жаткандыгын далилдеши керек. Ал эми чоң ата, чоң эне, небере, таяке-жээн, аталаш бир тууган сыяктуу үй-бүлө мүчөлөрү жакын тууган катары эсептелбейт.

Иммиграциялык жарлыктын жаңы версиясына 6-мартта кол коюлган. Анда Судан, Сирия, Иран, Ливия, Сомали жана Йемендин тургундарына АКШга 90 күнгө кирүүгө тыюу салынган. Ошондой эле документте АКШ визасы жана жашап турууга уруксаты барларга тиешеси болбой турганы жазылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!