Кемелерге порттор жабылары эскертилди

29-Июнь 2017, Бейшемби

Мигранттарды ташыган чет элдик кемелерди Италиянын порттору киргизбей коюшу мүмкүн экендигин “The Financial Times” гезити кабарлады.

Басылмадагы маалыматтарга караганда жыл башынан бери Италияга 73 миңден ашык мигрант келген. Бул өткөн 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга көп.
Европа биримдигиндеги (ЕБ) Италиянын өкүлү Маурицио Массари өлкөсүндө качкындарга байланыштуу кырдаал өтө олуттуу экенин, ЕБдеги башка мамлекеттерден жардам керектигин айткан.

“Жер ортолук деңизинде издөө-куткаруу операцияларын аткарган бардык кемелер Италиянын портторуна кире алышат. Биз өлкөбүздүн желеги болбогон же ЕБдин курамында милдет өтөбөгөн кемелерге тыю салышыбыз мүмкүн”,-деген Массари.
“The Financial Times” гезити Италиянын портторунун жабылышы бир нече өкмөттүк эмес уюмдардын жана соода жана Жер ортолук деңизинде куткаруу иштерин жүргүзгөн кемелердин иштерине терс таасирин тийгизерин жазган. Ал эми “Reuters” Италияда Африкадан келген эмгек иммигранттары көбөйгөнүн кабарлаган.

Ошол эле мезгилде Бангладеш жана Нигерия баштаган айрым мамлекеттер өздөрүнүн жарандарынын кайра кайтуусун каалабай жатканы белгилүү. Ушундай эле абалга Европанын башка мамлекеттери кабылган. Андан улам ЕБ мигранттарын кайра кайтуусунан баш тарткан мамлекеттерге визалык чектөөлөрдү киргизүүнү чечкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!