Киев соту Януковичти сыртынан соттоону чечти

29-Июнь 2017, Бейшемби

Киевдин Оболонск райондук соту экс-президент Виктор Януковичке карата атайын соттук процесстер баштоо тууралуу чечимди кабыл алды. Бул туурасында “Украинская правда” Интернет-басылмасы маалымдады.

“Айыпталуучу өзү гана сотко келбей койбостон видеоконференция түрүндөгү мүмүкнүчүлүктөн да пайдаланган жок”,-деп белгилеген сот Владислав Девятко.
“Виктор Федорович Януковичке карата атайын соттук процессти ишке ашыруу чечилди. Сот өкүмүнүн үстүнөн даттанууга мүмкүн эмес”,-деп белгиледи ал.

Өз кезегинде адвокаттар сот алардын аргументтерин эске албагандыгын айткан. Экс-президенттин жактоочусу Виталий Сердюк соттун чечимине макул эместигин билдирген.

Ал 2014-жылы Россияга качып кеткен экс-президент Виктор Янукович өмүрүнө коркунуч жаралып жаткандыктан Украинага келбей жатканын, иш процесстин негизинде каралышы мүмкүн эместигин кошумчалаган.
Белгилүү болгондой, 2016-жылдын 28-ноябрында өткөн видео сурактан кийин Виктор Янукович мамлекетке чыккынчылык кылганына шектенгенин башкы прокурор Юрий Луценко жарыялаган. Ал эми аскердик прокуратура Януковичти өмүрүн акырына чейин эркинен ажыратууну сунуштаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!