Трамп жана Путин G20 саммитинде жолугат

30-Июнь 2017, Жума

Американын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Гамбург шаарында 20 дүйнөлүк лидерлердин катышуусунда өткөн саммитте жолугушат.

Бул туурасында президенттин Улуттук коопсуздугу кеңешчи Герберт Макмастер “The Associated Press” маалымат агенттигине билдирген.

Бул маалыматты Кремль да тастыктады. “Лидерлер саммиттин алкагында жолугушат. Биз бул тууралуу билдиргенбиз”,-деген Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

“Чоң жыйырмалык” саммити 7-8-июлда Германиянын Гамбург шаарында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!