АКШ: тынчтыкка жумшалчу каражат кыскарат

30-Июнь 2017, Жума

АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү дүйнөлүк уюм тынчтыкты орнотуу иштерине жумшаган чыгымды 500 миң долларга кыскартууга жетишкенин билдирген. Бул тууралуу БУУнун маалымат кызматы кабарлады.

Американын аталган уюмдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли бюджеттин кабыл алынышы боюнча айткандарында “БУУда биз беш ай аралыгында тынчтыкты орнотуу иштеринин бюджеттин жарым миллион доллардан ашык үнөмдөдүк. Мындай иштер жаңыдан гана башталды”,-деген.

БУУ тынчтыкты орнотуу иштерине 7,9 миллиард доллар жумшайт. Бул сумманын 28,5 пайызын АКШ берет. Аталган өлкөнүн жаңы президенти Дональд Трамп буга чейин салым 25 пайыздан ашпашы керектигин айтып келген. Акыры тынчтыкты орнотуу ишмердиктеринин бюджети боюнча сүйлөшүүдө АКШ аны 7,3 миллиард долларга жеткирүүгө жетишти.


АКШ БУУнун учурдагы 16 тынчтыкты орнотуу миссиясынын ишмердиктеринин натыйжалуулугун арттырып, чыгымдарды кыскартуу максатында реформалоону көздөөдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!