БУУ: жыл сайын 190 миң адам көз жумат

30-Июнь 2017, Жума

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын дүйнөлүк баяндамасы жарыяланганын уюмдун жаңылыктар борбору кабарлады.

Башкармалыктын аткаруучу директору Юрий Федотов сунуштаган докладда дүйнөдө жыл сайын баңгизатынан 190 миң адам көз жумары жазылган. Ошондой эле көптөгөн өлкөлөр наркомания менен күрөшүү аракеттерин көрбөй жатканы кошумчаланган. Эксперттер баңгизатын колдонгондордун саны жыл сайын өсүп баратканын, миң жылдыктын башталышында коюлган максаттар аткарылбаганын белгилешкен.

БУУ баяндама аркылуу дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди наркоманияны алдына алуу чараларын көрүүгө, дарылоого жана ага көз каранды адамдарды реаблитациялоого чакырган. Ошондой эле медициналык максаттарда колдонулган дарыларды кеңири пайдаланууга уруксат берүүнү сунуштаган.

БУУнун маалыматына караганда 2015-жылы планетанын калкынын беш пайызы же 250 миллион адам маңзатын колдонгон. Алардын 30 миллиону ага көз каранды жана дарыланууга муктаж болгон.
Эскерте кетсек, Башкы ассамблеянын өткөн жылкы тарыхый жыйынында баңгизатына байланыштуу бир топ сунуштар киргизилген. Анда маңзатка болгон суроо-талапты кыскартуу, ага көз каранды адамдарды дарылоо жана буга байланыштуу кылмыш кылгандарды жазалоочу мыйзамдарды иштеп чыгуу жагы камтылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!