Байконур туристтик жайга айланышы мүмкүн

30-Июнь 2017, Жума

Кызылорда областынын акими Крымбек Кушербаев Байконур космостук станциясына туристтик жай жана көңүл ачуучу борбор курууну сунуштады.

Ал ушул мезгилге чейин Казакстан жана Россия жетекчилери тарабынан космос станциясына туристтик жана көңүл ачуучу борбор куруу боюнча орток концепция даярдагандыгын билдирген. Бул боюнча АКШнын “Мыс Канаверал” (Cape Canaveral) станциясын изилдеп чыгышканын, көңүл ачуучу борборду жылына 3 миллион турист зыярат кыларын баса белгиледи.

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде бекитилген долбоор 2023-жылга чейин ишке ашырыларын айткан Кушербаев Байконур АКШдагы борбордон кичине экенин, бирок Коркут ата жана Камбаш көлү сыяктуу бир нече маданий борборлорду кошуу мүмкүн экендигин баса белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!