​Тажикстан өзбек авиакомпаниясына жеңилдик берүүгө даяр

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Тажикстан өзбек авиакомпаниялары үчүн жеңилдиктерди берүүнү сунуштоодо. Эгер документ колдоо тапса, эки өлкө Дүйшөмбү менен Ташкенттин аэропортторун транзиттик негизде колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Тараптар өкмөттөр аралык келишим тууралуу маселени апрелде карашкан.Тажикстан өкмөтү Транспорт минстрлигине бул келишимдин долбоорун өзбек тарап менен макулдашууну тапшырды.

Министрлик документке жакын арада кол коюларын билдирди.Тажик тарап келишим эки өлкө экономикасынын, өзгөчө туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошот деп үмүт артууда.

Ишкерлер аэропортторду транзит катары колдонуп, жүргүнчүлөрдүн саны өсүп, жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк ачылары белгиленүүдө.Келишимдин алкагында Дүйшөмбү “Өзбекстан аба жолдору” компаниясына жеңилдиктерди берүүнү сунуштоодо.

Учурда “Өзбекстан аба жолдору” Ташкент жана Дүйшөмбү багыты боюнча жумасына бир жолу каттайт. Эки коңшу өлкө ортосундагы авиабайланыш 25 жылга созулган тыныгуудан кийин быйыл жыл башында калыбына келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!