Ракета Япониянын аймагына түшкөн

4-Июль 2017, Шейшемби

Мындай маалыматты “NHK” телеканалы Япониянын Коргоо министрлигинен шилтеме берип кабарлаган.

Шейшемби, 4-июлда Корея Элдик Демократиялык Республикасынын КЭДР кое берген баллистикалык ракета 40 мүнөткө жакын учкан соң Япониянын экономикалык аймагына түшкөнүн өкмөттүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга билдирген.

“Бүгүн жергиликтүү саат 09:39да КЭДРдин батыш жээгинен баллистикалык ракета кое берилди. 40 мүнөт учкандан кийин Япон деңзиндеги экономикалык аймакка түшкөндөй болду”,-деди Суга.

Япония өкмөтү буга байланыштуу Пхеньянга протест жиберилгенин белгилеген катчы “Түндүк Кореянын кезектеги чагымы толугу менен кабыл алынгыс. Биз нааразылыгыбызды билдирдик жана айыптадык”,-деди.

Япониянын өкөмтүнүн алдында маалымат чогултуу үчүн атайын штаб түзүлдү.

Жээктеги күзөт кызматы кемелердин экипаждарына ракета учурулганын, калдыктарга жакындоо кооптуу экенин эскертти.

Буга чейин “Yonhap” агенттиги ракета Пхенан-Пукто провинциясынан кое берилгендигин кабарлаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!