Сирия оппозициясы сүйлөшүүлөргө катышат

4-Июль 2017, Шейшемби

Сириядагы куралдуу оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катыша тургандыктарын ырасташты. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Анын айтымында, 4-5-июлга белгиленген сүйлөшүүлөрдүн курамы буга чейинки жолугушууга чогулган курам менен дээрлик окшош болот. Анда Сирияда «деэскалация зоналарын» түзүү тууралуу меморандумга кол коюлган.«Астана жараянына кепил болгон Орусия, Түркия жана Иран өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги делегацияларынын, ошондой эле Сирия өкмөтүнүн делегациясынын жолугушууга келе тургандыгы ырасталды.

Андан тышкары сүйлөшүүлөргө Сириядагы куралдуу оппозиция өкүлдөрү да катышарын ырасташты», — деди Абдрахманов.Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 3-июлда Сирия жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы натыйжалуу болот деген үмүтүн билдирип, өлкө жолугушууларды өткөрүү үчүн аянтча түзүп берүүнү улантууга даяр экенин айткан.

Казакстан ТИМ башчысынын айтымында, сүйлөшүүлөргө АКШ мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Стюарт Жонс менен БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистуранын катышары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!