Парник планетасына” айланышы мүмкүн

4-Июль 2017, Шейшемби

Профессор Стивен Хокинг АКШнын президенти Дональд Трамптын Париж макулдашуусунан чыгуу чечими климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан маселелерге жол ачарын айтты. Бул чечимдин кесепети өтө олуттуу болорун, Жер Венера окшош “парник планетасына” айланышы мүмкүн экенин баса белгиледи.

“Биз глобалдык жылуулукту артка кайтарууга мүмкүн болбогондой бурулуш учурга жакындап жатабыз. Трамптын аракети Жерди түпсүз туңгуюкка такайт. Мындай чечим температура 250 градуска жеткен, кычкыл жаан чачыны көп Венера планетасына айландырышы мүмкүн. Климаттын өзгөрүүсү биз туш боло турган олуттуу коркунучтардын бири. Бирок азыртан аракет кылсак бул кыйынчылыктарды алдына алганга болот. Климаттын өзгөрүп жатканына байланыштуу далилдерди угуудан баш тартуу жаратылышка, биздин жана балдарыбыздын келечегине коркунуч жаратат”,-деген окумуштуу Хокинг.
Бириккен улуттар уюмуна (БУУ) караштуу Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык эксперттердин тобу температуранын жогорулоосу жана климат боюнча кооптонууга негиз бар экенин белгилеп келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!