Германиядан Петербургга трактор менен келди

4-Июль 2017, Шейшемби

81-жаштагы саякатчыПенсионер-саякатчы Винфрид Лангнер Германиядан Санкт-Петербурга трактор менен эки аптада келди.

Журналисттерге берген маегинде ал “Мен Төмөнкү Саксониядан келдим. Германия, Польша жана Балтика өлкөлөрүнөн өттүм. Бир топ жол басып Россиянын Санкт-Петербург шаарына келдим. Бул өлкөнү көрүп, эли менен таанышкым келди”,- деген Лангнер тракторуна эс алууга ыңгайлуу дөңгөлөктүү үй сүйрөтүп алган.

Элдердин ортосундагы достуктуу бекемдөө максатында келгенин айткан саякатчы өзү менен ала келген өлкөсүнүн желегин Петербур бийлигине тапшырды. Ал эми конокко шаардын бардык маданий жайлары камтылган китеп белекке берилди.

Лангнер журналисттерге белгилеген жерге жетпей каларынан күмөн санаганын, жолдо тракторунун дөңгөлөгү жарылганын, Калининградга токтоп оңдоого мажбур болгонун жашырган жок.

Саякатчынын унаасы же 1961-жылы чыгарылган “Deutz” үлгүсүндөгү трактор саатына 18 чакырым аралык жол басат. Андан улам 20-майда башталган сапары эки жумадан ашса да белгилеген жерине жеткен. Эми ал Эстония, Латвия жана Литва аркылуу туулган жерине кайтат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!