БУУнун Коопсуздук кеңеши жыйынга чогулат

5-Июль 2017, Шаршемби

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) ракеталык сыноолорун талкулоо максатында кезексиз жыйын өткөрөт. Мындай демилгени АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын делегациялары сунуштаган.

“Америкалык элчи Никки Хейли жана анын япониялык, түштүк кореялык кесиптештери Коопсуздук кеңешин жыйынга чогулууну сунуштады. Кеңештин сессиясы шаршемби, 5-июлда Москва убактысы боюнча 22:00дө өтөт”,-деп жазылган АКШнын уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө.

Шейшемби, 4-июлда Түндүк Кореянын маалымат каражаттары континеттер аралык “Хвасон-14” баллистикалык ракетасы сынактан ийгиликтүү өткөнүн жазган. Пхеньяндын маалыматына караганда ракетанын учуусунун максималдуу бийиктиги 2802 чакырымга жетип, 933 чакырым аралыкка учкан.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш бул аракеттерди сынга алган билдирүү жасады. Анда Түндүк Кореяны кийинки чагымчыл аракеттерин токтотууга, эл аралык милдеттемелерди аткарууга чакырган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!