​Ашхабаддагы жаңы аялдамаларды колдонууга тыюу салынды

5-Июль 2017, Шаршемби

Ашхабаддын борбордук көчөлөрүндөгү кондиционерлер менен жабдылган жаңы аялдамалар жабык бойдон турат. Шаар тургундарынын айтымында, транспорт күткөн жүргүнчүлөр аптапта аларды колдоно алышкан жок. Мындай аялдамалар Ашхабадда ондоп саналат, баары тең жабык. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Акыркы жылдары курулган заманбап аялдамаларда кондиционерлерден тышкары телевизор жана табигый гүлдөр дагы бар. Бирок кырк градуска жеткен ысыктан жүргүнчүлөр аялдаманын тышында же бак-дарактардын көлөкөсүндө коргонууга аргасыз.

“Аялдамалардын курулушуна ири каражат жумшалган. Бирок жүргүнчүлөрдү ал жакка киргизбей жатышат. Анда мындай аялдамалардын эмне кереги бар?”,-деди жергиликтүү тургундардын бири.

Айрым аткаминерлердин айтымында, Азия-2017 оюндарына чейин аялдамаларды жабык кармоо боюнча көрсөтмө берилген. “Жогорку жактагы жетекчилик аларды жабык кармоону талап кылууда. Эгер жүргүнчүлөрдү киргизсек, алар булганып калат. Сплит-системалар бузулуп, иштен чыгышы мүмкүн. Азия оюндары башталып, коноктор келгенде ачабыз деп айтышкан”,-деди чиновниктердин бири.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!